20-июнга карата аба ырайы

20-июнга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. 20-июнь, жума күнү, республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +32...+34 градуска көтөрүлөт.
Радио
Нурланбеков: кызматымды аткарып жатып таанымал болом деп ойлогон эмесмин