“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол

Sputnik
“Стоп кадр” программасында бул сапар конокто “Качан турмушка чыгасың?” тасмасынын режиссеру жана башкы каарманы Болотбек Тилек. Аталган тасманын жанры комедиялуу мелодрама. 12-июндан тартып кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Тасмада жалган мамиле кээде чыныгы турмушка өзгөрүп кеткени жөнүндө жеӊил, сезим козгогон жана күлкүлүү окуя чагылдырылган.
Айпери – авиаотряддагы медайым. Кичүү сиӊдиси Айдай турмушка чыгышы үчүн Айпери шашылыш «күйөө» издейт. Ошол учурда пилот Асманга учууга уруксат алыш үчүн медициналык маалымкат керек болот. Алардын «өз ара пайдалуу келишими» өзгөчө сый мамилеге өтөт жана экөөнүн тагдырын күтүүсүздөн өзгөртөт. Тасма сүйүү, бекем эже-сиӊди алакасы, тандоо, ички күрөш жана албетте күндөлүк турмуштагы юмор жөнүндө.