Көптөгөн балдар логопеддин жардамына муктаж. Мамлекет социалдык көйгөйдү кантип чечет

Sputnik
Өлкөдө сүйлөөсү кечеңдеген балдардын көбөйгөнү социалдык курч көйгөйгө айланганы парламентте да көтөрүлдү. Борбордо бир гана “Келечек” реаблитациялык борбору гана бар. Борборго республиканын аймагынан көйгөйү бар, логопеддин жана реаблитологдун жардамына муктаж балдар келип турат. Алар бир ай сабак алышат. Учурда бул балдардын саны көбойгөнүнө бйланыштуу аймактардагы социалдык кызматкерлерге логопеддин штаттын ачуу жана мамлекеттик реаблитациялык борборлорду ачуу заман талабы болуп турат. Ошол себептен учурда Ошко, Ысык-Көлгө жана Чүйгө реаблитациялык борбор ачуу иши министрликте каралууда.