Быйыл өлкөдө 11 миң үй-бүлө көгүлтүр отко кошулат — газ берүү учурда кайсы аймактарда жүрүп жатат?

Sputnik
Азыркы тапта өлкөнү газдаштыруу 42 пайызга жетти. Экология жана энергетикалык себептерден улам көгүлтүр от киргизүүдө көйгөй жаралууда. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын "газдаштыруу" программасынын алкагында 1 400 чакырым газ түтүктөрү курулуп, 54 жаңы конуштарга жана калктуу пунктуларга газ берилди. Ошентип, 60 миң үй-бүлөнүн газга кошулуу мүмкүнчүлүгү болду. Газдаштырууда басым Бишкек шаары менен Чүй облусуна басым жасалып, Новопокровка айылына көгүлтүр от киргизүү иштери жүрүп жатат. Быйыл жалпы 11 миң үй-бүлөдө газга кошулуу мүмкүнчүлүгү болот. Газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо шарты менен 3-долбоор ишке кирди. Анын алкагында 150 миң сомго чейинки насыялар күрөөсүз, үч пайыз менен берилмекчи.
Мөөнөтү 12 же 24 ай болорун "Спутниктен сүйлөйбүз" программаснын коноктору маалымдашты.