Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыкты — эмнелер камтылды?

Sputnik
Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыкты. Демография экономика, билим берүү, саламаттык сактоо (репродуктивдүү ден соолук, үй-бүлөнү пландоо), жаштар, миграция, гендердик теңчилик жана башка көптөгөн тармактар менен байланыштуу. Өлкөдөгү демографиялык абал жана кабыл алынган концепциянын аткарылышы тууралуу БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин Калк фондунун жетекчиси Бактыбек Кайназаров маек курду.