Петербург форуму: 20 миңге жакын киши катышууда. Инфографика

Санкт-Петербургда Эл аралык экономикалык форум башталды (ПЭЭФ)
Sputnik
Ага 140 өлкөдөн 20 миңге чукул өкүл катышууда. Форумга ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш жана Латын Америкасынын делегациялары да катышууда.
Программада 150гө чукул иш-чара өтөрү жазылган. Анда санарип экономика, саламаттыкты сактоо, эл аралык мамилелер, экология, технологиялык жаңычылдыктар, фейктер менен күрөшүү темалары талкууланат.
20-июнда ПЭЭФтин жалпы курамдагы жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин сүйлөйт.
Петербург форуму быйыл 28-ирет өтүп жатат.
ПЭЭФ — дүйнөлүк көйгөйлөр жана кызматташууларды талкуулай турган эл аралык ири аянт. Былтыркы форумда 6,4 триллион рублдик келишимдер түзүлгөн. Эксперттер аталган сан быйыл 7,5 триллион рублден ашарын болжолдоп жатат.
Санкт-Петербургда Эл аралык экономикалык форум башталып, 50 өлкөдөн саясатчылар келди