Бүгүн Петербург эл аралык экономикалык форуму башталат

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бүгүн Санкт-Петербургда Петербург эл аралык экономикалык форуму башталат.
Анын алкагында Россия – Кыргызстан бизнес-диалогу өтүп, ага Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Мамлекеттик финансы көзөмөл кызматынын төрагасы Марат Пирназаров, РКӨФ башчысы Артем Новиков, "Газпромбанктын" биринчи вице-президенти Олег Мельников, Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Падалко жана башкалар катышмакчы.
Алар ЕАЭБ алкагында ири Россия-Кыргыз долбоорлорун ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өнөр жай кооперациясын талкуулашат.
Ал эми экономикалык форумга 140 өлкө жана аймактын 20 миңдей өкүлү катышмакчы.
ШКУну КМШга жакындатчу жаңы платформа иштелип чыгууда