Ошто күрөөкананы тоноп кетишкен. Шектүүлөр Бишкектен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ош шаарында күрөөкана тонолуп, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБ билдирди.
11-июнь күнү саат 04:30дар чамасында Баялинов көчөсүндөгү "Ош-Нуру" мейманканасында жайгашкан күрөөканага эки адам кирип барган. Алар 21 жаштагы кызматкерге кол салып, тапанчага окшош нерсе менен коркутуп, андан соң сабашкан. Жабырлануучунун айтымында, кылмышкерлер сейфти ачып, 300 миң сомго жакын акчаны жана 1 миллион 300 миң сомдук зер буюмдарды алып кетишкен.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен иш козголду. Шектүүлөр Бишкектен кармалган. Ош шаарында туулган 24 жаштагы А.Э. жана Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну С.А. сурак маалында күнөөсүн мойнуна алып, уурдалган акчанын бир бөлүгүн кайда коротконун айтып беришкен. Соттун өкүмүнө ылайык, алар тергөө аяктаганга чейин камакта болот.
Милиция соода түйүндөрүнүн, акча алмаштыруучу жайлардын жана жеке үйлөрдүн ээлерине коопсуздук максатында видеокамераларды орнотууну сунуштайт.
Бишкекте жигитти тоноп, сабап, кыз зордуктоого аракет жасагам деп айттырышкан