БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстан Петербург эл аралык экономикалык форумун (ПЭЭФ) бизнес-байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоо үчүн эффективдүү аянтча катары карайт. Бул тууралуу өлкөнүн Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Санкт-Петербургда өтүп жаткан форумдагы бизнес-диалог учурунда билдирди.
Ал Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон калганын белгиледи.
"Кыргыз-орус бизнес-диалогу эки өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрү менен бизнесинин ортосундагы кызматташууну бекемдеп, актуалдуу маселелерди талкуулоого жана практикалык чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт. 2024-жылы өз ара сооданын көлөмү бир жыл ичинде 14 пайызга өсүү менен 3,6 миллиард долларды түздү. Ал эми 2025-жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүү 770 миллион доллардан ашты", — деди Бөкөнтаев.
Белгилей кетсек, ушу тапта Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) алкагында Россия – Кыргызстан бизнес-диалогу өтүп жатат.