ПЭЭФ: Кыргызстан ЕАЭБде банктык коштоону бекиткен экинчи өлкө

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБ мейкиндигинде банктык коштоону мыйзамдык жактан бекиткен экинчи өлкө болуп саналат. Бул тууралуу "Газпромбанктын" биринчи вице-президенти Олег Мельников Санкт-Петербургда өтүп жаткан Эл аралык форумдун алкагындагы Россия — Кыргызстан бизнес-диалогунда билдирди.

"Бул — мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жасалган чоң кадам жана башкаларга үлгү. Аталган банк технологиясы — Россия Федерациясынын чегинен тышкары иштеп жаткан КМШдагы алгачкы тажрыйба", — деди ал.

Мельников бүгүнкү күндө Кыргызстандын төрт банкында жогорудагыдай технология бар экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, май айынан бери Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулардагы келишимдер банктын коштоосунда түзүлөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койгон. Бул ыкма мамлекет менен подрядчынын ортосундагы жоопкерчиликти арттырып, иштин сапаттуу аткарылышын шарттайт.
Новиков КР менен РФ соодасындагы тоскоолдуктарды жоюу жолдорун сунуштады