БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. 2025-2026-окуу жылында мугалимдер менен методисттердин айлыгы көтөрүлүп, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кызматтык автоунаалар берилет. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Ал айлыктын суммасы "секрет" экенин жазып, так суммасын атаган эмес.
"Бизге күчтүү жана жаратмандардын келишин күтөбүз. Окуу жыл ичинде орун жок калса таарынмай жок. Азыртадан ойлонгула. Билим уясында кокустан, адашып келгендер иштебеши керек. Балага жан дүйнөсүн арнап, билим берген мугалимдер көбөйсүн! Агартуучунун эмгегин баалаган, барктаган доор келди. Баса, адам өмүрүнүн сакчылары- дарыгерлердин да айлыгы жогорулайт", — деп жазган министр соцтармак баракчасына.
Ал ошондой эле бийликке агартуучулардын атынан ыраазылык билдирген.