БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы үч өткөрмө пункту күнү-түнү иштей баштайт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Кеп "Кадамжай", "Чечме" жана "Ак-Кыя" өткөрүү бекеттери жөнүндө болуп жатат. Режим бүгүн саат 20:00дөн тарта башталат.
Чек ара кызматы мындай чара туристтик сезондо жарандардын ары-бери жүрүүсүн жеңилдетүүгө багытталганын билдирди.
Өткөрүү пунктулары 1-октябрга чейин ушундай режимде иштемекчи.