Канада Путиндин мурдагы жубайына санкция салды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Канада Россиянын жетимиштен ашык жаранына, анын ичинде РФ президенти Владимир Путиндин мурдагы жубайы Людмила Путинага да санкция салды. Бул туурасында РИА Новости Канада өкмөтүнүн жарыялаган тизмесине таянып билдирди.
Буга чейин түндүк америкалык өлкөнүн премьер-министри Марк Карни Канада Россияга карата жаңы санкцияларды даярдап жатканын, анын ичинде жеке жактар менен кошо 40 уюм бар экенин билдирген эле.
Бул тизмеге дирижер Валерий Гергиев, саясат таануучу Дмитрий Саймс, мамлекеттик ишмер Анатолий Чубайс, ишкер Наталья Касперская, Россиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин кызы Татьяна Юмашева күйөөсү Валентин Юмашев менен кошо кирген. Андан сырткары, документте Австриянын мурдагы ТИМ башчысы Карин Кнайсль, РФтин көркөм гимнастика боюнча мурдагы башкы машыктыруучусу Ирина Винердин да аты-жөнү жүргөнүн көрүүгө болот.
Оттава дагы бир катар уюмдарга карата чектөө киргизген. Анын ичинде Ишкерлер менен өнөр жайчылардын россиялык союзу, сыра чыгаруучу "Балтика", камсыздандыруучу "Ингосстрах" жана "Росатом Арктика", мунай жаатында иш алып барган "Сургутнефтегаз" компаниялары бар.
Россия Батыштын санкциялары аларды чөгөлөтө албастыгын бир нече ирет айткан. Москва РФке карата чектөөлөр ойдогудай болбой калганын Батыш мойнуна алгысы келбегенин баса белгилеп келет. Анткен менен мындай пикир алардын өздөрүндө да айтыла калып жүрөт.
ЕБ Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Россияга санкцияны күчөтмөй болду