АКШнын G7 өлкөлөрүнө таасири. Алар Киев боюнча маселеде баш тартышты

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. "Чоң жетиликтин" мамлекеттери Американын макул болбогондугунан улам Украинадагы жаңжал боюнча биргелешкен билдирүү жасагандан баш тартты. Бул туурасында РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме берип жазды.
"Канада G7 саммитинде Украинадагы согушка байланыштуу кескин билдирүү жасабай турган болду. Бул чечим АКШ тараптан каршылык болгондон кийин кабыл алынганын канадалык аткаминер саммитте журналисттерге кабарлаган. Ал Вашингтон билдирүүнүн долбоорунда аны бир аз жумшартууга ниет койгонун, бирок Канада мындай кадам Украинага карата адилетсиз мамиле деп эсептелинерин айтты. Киев бийлигинин башчысы шейшемби күнү саммитке келген", — деп жазган басылма.
Анткен менен баары бир беш-алты өлкөнүн биргелешкен билдирүүсү болору, аны кечирээк Канада өкмөт башчысы Марк Карни жарыя кылары айтылды.
Канада өкмөтүнүн сайтында "Чоң жетиликтин" өлкөлөрү алты билдирүү боюнча макулдашканы жазылган. Алардын арасында өтө маанилүү болгон минералдар боюнча жасалчу иштердин планы, табигый себептерден чыккан өрттү алдын алуу боюнча кызматташуу, жасалма интеллектинин технологиясын колдонуу жоопкерчилиги боюнча темалар бар дешти.
"Биз өнүгүп келе жаткан рыноктору бар жана кен байлыктары арбын мамлекеттер менен кызматташууну тереңдетүүгө умтулабыз. Алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшөбүз, кен казууда жоопкерчиликтүү ыкмаларды жайылтабыз. Тоо-кен тармагындагы гендердик зомбулукка каршы күрөшөбүз, чакан масштабдагы казууну жакшыртууну колдойбуз, өтө керектүү минералдардын глобалдык баалуу чынжырларын көбөйтүп, түрүн арбытабыз", — деп айтылган G7 тобунун билдирүүсүндө.
G7 Россияга чектөөлөрдүн эбин табууга жардамдашкан өлкөлөргө сес көрсөттү