Радио

Батырбеков: студенттердин 50-60 пайызы кесип тандоодо адашат

40 жылдан ашуун педагогикалык тажрыйбасы бар, алгачкы билим берүү мыйзамын иштеп чыгууда жумушчу топтун мүчөсү, эксперт Дүйшөн Батырбеков мектеп бүтүрүүчүлөрү кесип тандоодо эмнеге көңүл бурушу керектигин айтып берди.
Sputnik
Студенттердин 50-60 пайызы кесибин туура эмес тандап алышат. Бул тууралуу Дүйшөн Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-эне баланын кызыгуусу менен жөндөмүн эске албай жогорку билим берүүгө умтулуп жатат.

"Студенттердин 50-60 пайызы кесипти туура эмес тандап, илең-салаң жүрүшөт. Алар билим ала баштаганда гана туура эмес кесипке туш келгенин сезишет. Кийин ошол адистиги менен иштебей, ар жумушка башын салып кыйналышат. Ошондуктан ата-эне сөзсүз жогорку окуу жайга окушуң керек дегенден алыс болушу керек. Азыркы заманда өзүңө жаккан кесипти тандап, анын аркасы менен көз карандысыз жашап кетүү маанилүү. ЖОЖ болобу, колледж болобу, айырмасы жок, эмгек рыногунда муктаждык бар кесип боюнча билим алуу керек. Бүгүнкү күндө өлкөдө курулуш, тоо-кен, энергетика тармактары жакшы өнүгүп жатат. Монтажник, сварщик, токарь, шыбакчы жана сантехник, электриктер жетишпейт. Буларга Кыргызстанда эле эмес, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдө да талап жогору", — деди Батырбеков.

Ал ошондой эле абитуриенттерди эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптерди тандоого чакырды.