19-июнга карата аба ырайы

19-июнда күндүз күн катуу ысып, тоолуу райондордо өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бейшембиде республиканын айрым жерлеринде күн күркүрөп, ала булут каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 32…37, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 36…41, Ысык-Көл жеринде 26…31, Нарын чөлкөмүндө 27…32 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 38…40 градуска жетет.
Бишкек шаары менен Чүйдө жарык жапырт өчтү