Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу токой чарбасын жана экология маселесин тейлеген өзүнчө агенттик түзүү сунушун көтөрдү. “Азыркы тапта токой чарбасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кошулуп калган. Алар өрт өчүрөбү, көчкү тазалайбы же токойду карайбы? Кантип баарына жетишет. Андыктан, токой чарбасы менен экология маселесин бирге тейлеген өзүнчө агенттик түзүлбөсө болбойт”, – деди төрага. Ошондой эле текшерүүчү инспекцияларды бириктирүү аракетин да колдой тургандыгын кошумчалаган Нурланбек Тургунбек уулу өзү уруксат берип, кайра өзү текшерген кызматтарды жоюп, текшерүүчү органдардын санын азайтуу менен өзүнчө бөлүү зарыл экенине токтолду.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамы каралып, бекитилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды. Алсак, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына талапкерлер бекитилди: - Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев - Бакыт Кыдыралиева - судьялар Мукамбет Касымалиев, Нүргүл Асанова, Дилара Арстанбаева, Айбек Молдакунов, Эльмира Барыктабасова, Санжар Чотонов, Айжан Рыскулова, Гүлназ Кадырова - Акыйкат Каримов.
Санкт-Петербургда Эл аралык экономикалык форум башталганын РИА Новости агенттигинин кабарчысы билдирди. Иш-чара өтө турган жерде жол ачык болгону менен кароо пунктунда автоунаалардын анча чоң эмес кезеги жаралган. Жеке транспорт менен шаттлдарды күч түзүмдөрү текшерип жатат, ал эми жүргүнчүлөрдүн буюм-тайымдарын кинологдор иттери менен кароодо. Экинчи пункт форум өтө турган аянтчанын кире беришинде уюштурулган, ал жакта текшерүү узагыраак жүрүп жатканы айтылды. Буга чейин РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков форумга 50гө чукул мамлекеттен саясий ишмерлер келерин, алардын катарында Индонезия, ТАР, Ирак, Вьетнам, Лаостон да өкүлдөр бар экенин белгилеген.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын толугу менен багынып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, Тегеран "көз салуучу мыкты жабдууга" жана көп сандагы башка коргонуучу техникага ээ, "бирок мунун баары америкалык курал-жарактын жанында шоона эшпейт". "Курал-жаракты Америкадай болуп эч ким мыктап жасай албайт", — деген Ак үйдүн ээси. АКШ президентинин айткандарынын урунттуу учурлары: Ирандын аба мейкиндиги азыр толугу менен Кошмо Штаттардын көзөмөлүндө; Ирандын руханий лидери аятолла Али Хименеинин кайда экени белгилүү. Вашингтон аны жок кылууну көздөбөйт, "азыр эмес"; Трамп иран маселесин чечүүгө америкалык аскерлерди аралаштырууну каалабайт, бирок чыдамы түгөнүп баратат. АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча истребителдерди жөнөтүп, ал жактагы авиациялык күчтөрдүн жүрүү мөөнөтүн узартты. Америкадан келген учактар F-16, F-22, F-35 моделдерин камтып, абадан коргонуучу каражаттын компоненти болуп саналат. РИА Новости берген маалымат боюнча, Вашингтон, мындан тышкары, америкалык аскер контингентин коргоо үчүн борбордук командачылыктын жоопкерчилигиндеги аймакка USS Nimitz кемеси башында турган абадан бомбалоочу учактардын тобун жеткирүүдө. АКШнын аскер күчтөрү "улуттук кызыкчылыкты көздөп" Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабында операцияларын улантып жатат.