Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилде беш министрликтин кызматкерлеринен турган бирдиктүү коопсуздук кызматы иш алып барат. Бул кызмат быйыл алгачкы ирет иштегени жатат. Беш министрликтин биргеликте иш алып баруусунун негизги себеби, туристтик мезгилде жаратылышты коргоодо, тейлөө көрсөтүүдө жана башка учурларда ыкчам жана эфективдүү чечимдерди кабыл алуу. Жаңы кызматтын мүмкүнчүлүгү, беш министрликтин кызматкери өз ара кантип алака кылышары жана маалымат алмашуу, координация кандай жүрөрү туралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов айтып берди.