Жакында эле Катмандуда (Непал) өткөн “Сагарматха Самбаад” эл аралык форуму, андан тышкары борбор шаарыбызда “Бишкек +25 Саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясы болуп өттү. «Күн Башат» программасынын алкагында президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жогорудагы форумдарда көтөрүлгөн маселелерге токтолду. Андан тышкары, Кыргызстандын жаратылышы кооз, тоолору көздү кубантарын айтып сыймыктанабыз. Бирок ошол тоо койнуна барсаң, КРда адам буту жеткен жердин баарында таштанды. Мындан кантип арылсак болот, мөңгү маселелери да дүйнөлүк көйгөйгө айланып калды. Бара-бара бул актуалдуу боло берери маалым. Негизи эле мөңгүгө байланышкан экологиялык маселелерден кантип коргоно алабыз, тоолуу аймактардын жашоочуларынын социалдык абалы өңдүү бир катар суроолорубузга жооп алдык.