БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун бир бөлүгүндө жарык өчтү.
Абоненттерден түшкөн билдирүүлөргө караганда, учурда эч жерде жарык жок. Кыргызстандыктар мектептер, калкты тейлөө борборлору жана башка мекемелер жарыксыз калганын жазышууда.
Энергетика министрлиги станцияда авария болгонун кабарлап, бирок кайсынысында экени тактала электигин билдирди.
Бишкектин айрым тургундары таза суу да өчүрүлгөнүн айтышууда. Тактап айтканда, Төкөлдөштө, Жумушчулар шаарчасында, Гагарин, Тимур Фрунзе райондорунда суу жок болууда.
Ооруканаларда электр жарыгы өчкөндө генераторлор автоматтык түрдө кошулганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.