БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. АКШ санкция киргизген сайын оңбогондой чыгым болууда, кеп миллиарддаган доллар тууралуу жүрүп жатат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Россияга санкция киргизүүдөн баш тарткан себебин түшүндүрүп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кайсы бир өлкөгө санкция киргизсем АКШ чоң акчага чыгым болууда. Бул — "документке кол коюп коелу" дегендей жөнөкөй иш эмес. Миллиарддаган доллар тууралуу сөз болуп жатат. Санкция — бул жеңил нерсе эмес", — деди америкалык лидер.
Трамп Евробиримдик өлкөлөрү ушу кезге чейин Россияга каршы жаңы санкция сала электигине токтолуп, киргизилчү чектөөлөрдү колдоо боюнча теманы талкуулоодон баш тартты.
"Украина маселеси боюнча макулдашууга кол коюлар-коюлбасын күтүп жатам", — деди Трамп Россияга каршы санкция киргизүү боюнча суроого жооп берип жатып.
Россия Батыштын санкциялык кысымы күчөгөндөн тарта эле ага туруштук берүүгө кудурети жетерин айтып келет. Москва Россияга каршы киргизилген чектөөлөр нагыз максатына жетпей калганын моюндоого Батыштын дарамети жетпей турганын белгилеген. Акыркы кезде Батыш мамлекеттеринин өзүндө да антироссиялык чаралар натыйжа бербегени тууралуу айтыла баштады.