Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Кол коюлган документтер

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан "Борбор Азия – Кытай" саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Кыргызстан Кытай менен болгон мамилелерге өзгөчө маани берерин айтып, коңшу өлкө негизги инвестициялык өнөктөш экенин белгиледи. Ал эми Си Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин жогору баалай турганын айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:
КР министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан "Борбор Азия – Кытай" саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

2 / 3

Жапаров Кыргызстан Кытай менен болгон мамилелерге өзгөчө маани берерин айтып, коңшу өлкө негизги инвестициялык өнөктөш экенин белгиледи

3 / 3

Ал эми Си Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин жогору баалай турганын айтты

КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекети Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жасалма интеллектини колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз улуттук "Кабар" мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
КР "Слово Кыргызстана" басма үйү менен Кытайдын "Синьхуа" маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча меморандум.
Садыр Жапаров "Борбор Азия — Кытай" саммитине катышуу үчүн Астанага барды