Садыр Жапаров "Борбор Азия — Кытай" саммитине катышуу үчүн Астанага барды

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров "Борбор Азия — Кытай" саммитине катышуу үчүн Астанага барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчыны аба майдандан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алып, протоколдук жөрөлгөлөр аткарылды.
Экинчи жолу өтүп жаткан бул саммитке Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жана Кытайдын төрагасы катышат.
Ошондой эле иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрөт.
ТИМ: Казакстан президентинин Кыргызстанга расмий сапары даярдалууда