Трамп Россияны G8 уюмунан четтетүү калпыс кадам болгонун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Канададагы G7 саммитинин алдында Россияны уюмдан четтетүү чоң ката болгонун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"G7 бир кезде G8 эле. Барак Обама менен Трюдо аттуу киши Россияны каалабай чыгышты. Менимче, бул аябагандай чоң ката болгон", — деген АКШ лидери Канаданын премьери Майк Карни менен жолугушуу учурунда.
Трамп "Чоң жетилик" ичинде Москва тууралуу абдан көп сөз болорун, бирок катышуучулардын арасында анын жок экенин белгилеген. Россия АКШ президентинин саммит башталганга чейин козгогон биринчи темасы болду.
Эскерте кетсек, G7 саммити Канаданын Кананаскис округунда 16-июнда башталып, бүгүн жыйынтыкталышы керек. Иш-чарага Германия, АКШ, Канада, Улуу Британия, Франция, Италия жана Япония мамлекеттери, ошондой эле Евробиримдик менен чакырылган өнөктөш өлкөлөрдөн өкүлдөр катышууда.
АКШ чыгым тартууда. Трамп Россияга санкция киргизбеген себебин түшүндүрдү