РФ ТИМи Россия менен Европанын алакасы кандай шартта жакшырарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Европада Россияга каршы саясатты токтотууга жөндөмдүү лидерлер пайда болгондо гана эки тараптын ортосундагы алаканы "жакшыртууга" мүмкүн болот. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова "ЕврАзимут" долбооруна маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Мамиле бийликке өз элинин кызыкчылыгын көздөгөн лидерлер келгенде гана оңолушу мүмкүн. Алар антироссиялык саясатты, ошондой эле Киев режимине курал-жарак жеткирүүнү токтотууга, алдын ала шарт койбойстон диалог жүргүзүүгө даяр жетекчилерден болушу керек", — деди Захарова.

Анын айтымында, Россия менен Европанын кызматташтыгы суверендүүлүктү урматтоо, ички иштерге кийлигишпөө, тең укуктуулук жана өз ара кызыкчылыктарды эске алуу сыяктуу принциптерге негизделиши кажет.
"Бул автоматтык түрдө кысым көрсөтүү, ультиматум коюу саясатынан баш тартууну талап кылат. Бүгүнкү европалык элита мындай саясатты тынымсыз колдонууда", — деди Захарова "ЕврАзимут" долбооруна берген маегинде.
Орбан Евробиримдикти Россия менен кызматташууга кайтууга чакырды