Мамдума орус тилин ашкере латындашуудан сактоо боюнча мыйзам долбоорун карайт

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасы орус тилин ашкере латындашуудан сактоо боюнча мыйзам долбоорун карай турганын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы кабарлады.
Демилгечилердин бири, депутат Александр Шолохов документтин чоо-жайын айтып берген.
англис тилиндеги аталыштарды мындан ары да колдоно берсе болот, бирок которулушу болуш керек. Туристтик жайлардагы Open же Sale деген жазуулар сөзсүз "Открыто" ("Ачык") же "Распродажа" ("Сатып түгөтүү") деген которулушу менен кошо жазылышы зарыл;
ушундай эле талап Россия элдеринин тилиндеги жазууларга да коюлат. "Жазуу өлкөбүздүн бардык жарандарына түшүнүктүү болушу кажет" дейт депутат.

Турак жай комплекстеринин аталышы орус тилинде гана жазылат, англис тилиндеги аталыш болсо кириллица менен жазылышы зарыл. "Кириллицаны колдонуу милдети тагылса англис тилиндеги аталыштар азаят деп ойлойм", — деген Шолохов.

Мыйзам долбоорунун ушу кезге чейин иштеп келген аталыштарга тиешеси болбойт.
Эгер сөз Wi-Fi сымал орус тилине сиңишип, расмий сөздүккө кирип калган болсо, аны колдонууга эч кандай чектөө киргизилбейт.
КРСУда Орус тили күнү жана Пушкиндин 226 жылдыгы белгиленди. Видео