Кыргызстандын экономикасынын өсүшү чет элдик ишкерлердин кызыгуусун жаратып, инвестициянын көлөмү көбөйө баштады. Россиялык ишкерлер, айрыкча, өнөр жай, айыл чарба, энергетика жана логистика тармагына каражат салып жатканын Чоро Сейитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда россиялык ишкерлер Кыргызстандын ички рыногун изилдеп жатат.
"Россиянын көп тармактуу бизнес-миссиясы Кыргызстанга иш сапары менен келип, Бишкекте жыйыны өттү. Ага РФтин 40тай ири компаниясынын өкүлдөрү катышты. Бул бешинчи иш миссия болуп, эки өлкөнүн бизнес байланышын чыңдады. Кыргызстандын экономикасынын өсүшү чет элдик ишкерлерди кызыктырып, инвестициянын көлөмү да жогорулай баштады. Россиялык ишкерлер, айрыкча, өнөр жай, айыл чарба, энергетика жана логистика тармагына каражат салып жатышат",— деди Сейитов.
Ошондой эле ал Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун банк секторундагы, ички экономикадагы орду чоң экендигин кошумчалады.