Ош шаарында тамада бычакталып, ооруканада көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ош шаарында тамада болуп иштеген 28 жаштагы киши бычакталып, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу шаардык ИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыш Жапалак айылында 16-июнда болгон.
Укук коргоо органдарындагы булактардын айтымында, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, шектүү жабырлануучуну акырекке сайып жиберген.
Кылмышка шектелип 33 жаштагы айылдашы кармалды.
Интернет аркылуу аялдын 540 миң сомун алдап алып алды делген шылуун кармалды