БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жети-Өгүздүн Чым-Там жайлоосунда белгисиз жырткыч 332 койду кырган. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 11-июнга караган түнү болгон.
"Жырткычтын кол салуусунан 30дай кой ар кандай жараат алып өлгөн. Калганы бири-бирин тебелеп, баш-аягы 332 баш кой кырылган. Малдын баары санитардык талаптарга ылайык жок кылынды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле илбирс кол салганы такталбагандыктан мындай божомолдор туура эместиги белгиленди.
Жергиликтүү бийлик малчылардын арасында коопсуздук жана алдын алуу иштери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.