БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда чыгарылган керамикалык плиткалар жана керамогранит ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Чүй облусунда курулган заводго 40 миллион доллар инвестиция салынды. Ишкана жылына 3 миллион чарчы метр продукция чыгарууга жөндөмдүү.
"Бул өндүрүш ички рыноктогу керектөөнү 50 пайызга жабууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми чыгарылган продукциянын 65 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот", — деди фонддун төрагасы.
Аталган фонд заводдун курулушуна 25 миллион доллар бөлгөн. Кечээ ишкананын ачылышына өлкө башчысы катышты.