ЖМК: Иран АКШ менен сүйлөшүүнү жандантууга даярдыгын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Иран аткаминерлери ортомчулар аркылуу АКШ менен сүйлөшүүнү жандантууга даяр экенин билдирип, бирок алгач Израиль чабуулун токтотушу керектигин айтты. Бул тууралуу Washington Post гезити өз маалымат булактарына таянуу менен кабарлады.
Басылманын жазганына караганда, атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого күч жумшагандардын башында Оман менен Катар турат.
Axios порталы Ак үй Тегеран болуп АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф менен Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчинин ушул жумада жолугушуу ыктымалдыгын талкуулап жатканын билдирди.
Буга чейин АКШ лидери Дональд Трамп командасына ирандык чиновниктер менен жолугушууну юуштуруу тапшырмасын бергени айтылган. Улуттук коопсуздук кеңешине жыйынга даяр туруусун эскертип, Канадада өтүп жаткан "Чоң жетиликтин" саммитинен мамлекеттик катчы Марко Рубио менен мөөнөтүнөн эрте кайтууну чечкен эле.
Ал арада Ак үй Трамптын жалпыга Тегерандан чыгып кетүүгө салган чакырыгын жарыялады. CNN өзүнүн маалымат булактарына таянып АКШ президенти мындай кадамга Иранды сүйлөшүүлөрдү жандантууга түртүү үчүн барганын ачыктаган.
Трамп жалпыга Тегерандан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырык таштады