Бишкекте тез тамактануучу 11 жай жана эки кафе жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекте тез тамактануучу 11 жай жана эки кафе жабылды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-июнда тамактануучу жайлар күтүүсүз текшерилген.

"Тамактануучу жайлардын ичи кир, кызматкерлердин санитардык китепчелери жок болуп чыккан. Мындан улам 15-июнда аларды санитардык нормаларды аткарганга чейин жабуу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Кемчиликтер жоюлганга чейин төмөнкү жайлар жабылды:
Анкара көчөсүндөгү "Национальная кухня" ашканасы;
Бейшеналиева көчөсүндөгү "Ак Марал" кафеси;
Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү 11 тез тамактануучу жай.
Таласта дагы 9 адам шаурмадан ууланды