Бишкектеги Республикалык күйүк борбору жаңыланат

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкектеги Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борбору жаңыланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кабарга ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган мекемеге барып, анын материалдык-техникалык базасын тез арада жаңылоо зарылдыгын белгилеген.
1 / 3

Бишкектеги Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борбору жаңыланат

2 / 3

Кабарга ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган мекемеге барып, анын материалдык-техникалык базасын тез арада жаңылоо зарылдыгын белгилеген

3 / 3

Белгиленген көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында өкмөт башчы Саламаттык сактоо, Финансы, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрликтерине имаратты оңдоо, заманбап жабдууларды сатып алуу үчүн зарыл болгон финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү тез арада даярдап берүүнү тапшырган

"Борбордогу жабдуулар, түз айтканда, революцияга чейинки. Ал аябай эскирген, толугу менен алмаштырылууга тийиш", — деген Касымалиев.
Белгиленген көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында өкмөт башчы Саламаттык сактоо, Финансы, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрликтерине имаратты капиталдык оңдоп-түзөө, заманбап жабдууларды сатып алуу үчүн зарыл болгон финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү тез арада даярдап берүүнү тапшырган.
Клиниканын чатырына тик учак конот. Касымалиев Оштогу 4 объектинин курулушун көрдү