18-июнга карата аба ырайы

18-июнда күндүз республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Шаршембиде өлкө аймагында аба ырайы ысык болуп, бийик тоолуу райондордо өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 32…37, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 35…40, Ысык-Көл жеринде 25…30, Нарын чөлкөмүндө 26…31 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 37…39 градус ысыйт.
Жаан-чачын аз жаап, ысык болот. Бир аптага карата аба ырайынын божомолу