Кыргыздын биринчи дипломдуу режиссёру саналган Ажыгабыл Айдаркулов 30 жашка чыкпай жол кырсыганан улам каза болгон. Бирок ошол аз өмүрүндө Москвадан билим алып, театрдын тарыхында согуш темасындагы мыкты спектаклдерди калтырган. Аны Ысык-Көл облустук театрына жиберип, ал жакка тагдырдын тамашасы менен барып калган Бакен Кыдыкееванын жаш кезиндеги мыкты ролдорунун жаралышына түрткү болгон. Ажыгабыл Айдаркуловдун өмүрү жана чыгармачылыгы, ошол эле учурда театрдын жылдызы Бакен Кыдыкеева экөөнө тиешелеүү жеке турмушу тууралуу “Туяк” программасында баарлаштык. Улуу талантты эскерүү үчүн бизде мейманда театр сынчысы Жаныш Кулманбетов болду.