Табигый жашаруу: Кымбат каражаттарсыз жаш жана сергек көрүнүү мүмкүнбү?

Sputnik
Табигый жашаруу — бул ботокс, филлер же кымбат кремдерсиз эле жаш көрүнүү аракеттери. Ага үй шартындагы маскалар, өсүмдүк майлары, туура тамактануу, көп суу ичүү, стресстен алыс болуу сыяктуу ыкмалар кирет. Табигый жашаруунун көп пайдасы бар. Химиялык заттар колдонулбагандыктан организмге зыян келтирбейт. Ден соолукту жакшыртууга да түрткү берет. Мисалы, туура тамактануу, суу ичүү жана уктоо тартиби бүт организмге таасир берет. Бирок кымбат каражаттарсыз жашаруунун натыйжасы ар кимде ар кандай болот. Ошондой эле убакытты жана сабырдуулукту талап кылат. Мындан тышкары эгерде туура колдонулбаса, терини кургатып же тешикчелерди жаап коюшу мүмкүн.
Табигый азыктар дагы аллергия чакырат. Кененирээк "Көз мончок" программасынан тыңдаңыздар.