Иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстанда вейп, тамеки жана кальян тарткан мектеп окуучуларынын саны өсүүдө. Балдардын 10 пайызга чейинкиси жана кыздардын 5 пайызы тамеки чегип калышты. Эксперттердин айтымында, тамеки компаниялары тамеки тартуунун зыяндуулугу тууралуу коомдук пикирди бурмалап жатышат.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги Бактыгүл Исмаилова тамекинин зыяны жана ага карата күрөш тууралуу айтып берди.