Ысык-Көлдө дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт — өзгөчөлүгү эмнеде?

Sputnik
1-3-август күндөрү Ысык-Көлдө дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт. Фестивалдын алкагында оозеки музыкалык искусствону алып жүрүүчү жеке аткаруучулар жана чыгармачылык топтор арасында эл аралык сынак уюштурулат. Сынакка 18 жаштан жогору профессионал-музыканттар катыша алат.Чыгармачылык топтун (группанын) курамындагылар жеке аткаруучулар арасындагы сынакка катыша албайт.
Ошондой эле фестивалдын алкагында "Салттуу маданият жанаискусство: сактоо, өнүгүү маселелери" аталышындагы эл аралык конгресс болот. Анда дүйнө элдердин оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосун таанууга жана жайылтууга, салттуу маданият аркылуу этностордун достугун бекемдөөгө, туризмди өнүктүрүүгө, искусствонун түрлөрү менен катар этномузыка жаатындагы илимий изилдөөлөр, долбоорлор үчүн аянтча түзүүгө багытталган баяндамалар жасалат.
Фестивалдын жүрүшүндө маркет аянтча уюштуруларын аталган фестивалдын уюштуруучусу Адила Кермалиева билдирди.