"Асман, мен баратам!" Валентина Терешкова космоско учкан күн

1963-жылы 16-июнда дүйнөдөгү эң биринчи аял-космонавт Валентина Терешкова Байкоңурдан космос ааламына аттанган.
Sputnik
Орбитада дээрлик үч сутка жүргөн космонавттын "Восток-6" кемеси Жерди үч ирет айланып чыгууга жетишкен.
Валентина Терешкова — космоско өзү учуп барып келген жалгыз аял. Кийинкилеринде космонавт жана астронавт аялдар экипаж мүчөсү катары учушкан.