Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 3,8%га өстү

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Январь-апрелде Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 1,5 миллиард долларга жетип, былтыркыга караганда 3,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.
Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар сатуу 1,7 пайызга көбөйсө, алардан ташып келүү 4,3 пайызга көбөйгөнү белгиленди. ЕАЭБ ичиндеги сооданын 67,6 пайызы Россияга жана 30,2 пайызы Казакстанга туура келген.
Жалпысынан сырткы сооданын 32,1 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келген.
Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБге кирбеген мамлекеттер) болгон соода 3,1 миллиард долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 17,5 пайызга азайган.
Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде лидер болду