Садыр Жапаров Чүйдөгү керамика плиткаларын чыгарган заводдун ачылышына катышты

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров Ысык-Атадагы керамика плиткаларын жана керамогранит чыгарган заводдун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, завод 40 миллион долларга курулган. Анын 25 миллион долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн.
1 / 5

Садыр Жапаров Ысык-Атадагы керамика плиткаларын жана керамогранит чыгарган заводдун ачылышына катышты

2 / 5

Ага ылайык, завод 40 миллион долларга курулган

3 / 5

Анын 25 миллион долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн

4 / 5

Завод жылына 3,3 миллион чарчы метр продукция өндүрүп, 1,5 миллиард киреше табары болжолдонууда

5 / 5

Президент орточо айлык акысы 50 000 сомго жеткен 300дөн ашык жумуш орду түзүлгөнүн кошумчалады

Завод жылына 3,3 миллион чарчы метр продукция өндүрүп, 1,5 миллиард киреше табары болжолдонууда.

"Бул — курулуш сектору үчүн маанилүү! Анткени сапаттуу ички өндүрүш өлкөнү импортко болгон көз карандылыктан куткарып, баалардын туруктуулугун камсыз кылат", — деди мамлекет башчы.

Президент орточо айлык акысы 50 000 сомго жеткен 300дөн ашык жумуш орду түзүлгөнүн кошумчалады.
Имараттарга жер титирөөнүн таасирин азайтуучу жабдууларды чыгарган завод курулат