БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен районунун алыскы Зардалы айылына тез жардам унаасы жеткирилгенин президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
14-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов, анын орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана аким Данил Иманалиев Зардалыга барып, жергиликтүү тургундардын жашоо шарты менен таанышкан.
© Фото / Полпредство президента в Баткенской области
Делегация айылга баруучу жаңы жолдун курулушун көрдү. Анда 17 чакырым жолду кеңейтүү иштери кызуу жүрүп жатат.
Былтыр Зардалы айылына президенттерден алгачкы болуп Садыр Жапаров барган. Ал сапардан кийин аймакка электр энергиясы берилип, уюлдук байланыш кошулган.