Пресс-борбор

РФ элчилиги: Россияга кирүү боюнча билдирүү көзөмөл күчөтүлдү дегенге жатпайт

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россияга кирерге 72 саат калганда билдирүүнүн келиши кадыресе практика болуп саналат, аны миграциялык мыйзамдардын катаалдашы катары кароого болбойт. Бул тууралуу Россия элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Андрей Бурьевой Sputnik маалымат агенттигинде өткөн "Эмгек миграциясы — Россия менен БА мамлекеттеринин кызматташуусунун маанилүү аспекти" аталышындагы тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, ушундай эле чаралар россиялык жарандарга карата Израиль менен Таиландда колдонулат.
Бурьевой "Госуслуги RuID" тиркемеси пайдаланууга жеңил экенин, болгону сапардын максатын, жеке маалыматтарды көрсөтүп, барчу кишинин жана документтердин сүрөтүн жүктөп, үнүн жаздыруу керектигин белгиледи. Андан кийин бул маалыматтар текшерилет.
Тиркеменин жоктугу жана анын толтурулбай калышы чек арадан өтүүгө уруксаттын берилбешине негиз боло албай турганы кошумчаланды.
Россия элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Андрей Бурьевой
"Эгер тиркемени жүктөөгө жетишпей билет сатып алган болсо, рейске уруксат берилет. Бирок мамлкеттик чек араны кесип өтүүгө уруксат берүү же андан баш тартуу чечими өткөрүү пунктунан кабыл алынат", — деди Бурьевой.
Кыргызстан менен Россиянын алакасынын тарыхы. Бир мүнөттүк видео