БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүндө жаңы төшөлгөн асфальт алынып, кайра жаңысы төшөлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга жолдун алдынан суу чыгып, саз пайда болгону себеп болгон.
"Жолду бойлой аккан каналдан суунун деңгээли көтөрүлүп, жолго тээп кеткен. Мурда текшерилгенде суунун деңгээли төмөн болчу, бирок мөңгү эрип, суу көтөрүлгөндө абал өзгөрдү. Натыйжада асфальттын сапатына доо кетип, адистер текшергенден кийин аны кайра басуу чечими кабыл алынды", — дешти мэриядан.
Ошондой эле муниципалитет тендерди утуп алган компания өз эсебинен жолду кайра жасап чыгарын кошумчалады.