БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мигранттар Россияга учар алдында текшерүүдөн өтсө жакшы болмок. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн "Эмгек миграциясы — Россия менен БА мамлекеттеринин кызматташуусунун маанилүү аспекти" аталышындагы тегерек столдо "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубат Рахимов билдирди.
Ал белгилегендей, Россиянын укук коргоо органдарына Кыргызстандын аймагында кеңейтилген ыйгарым укуктар берилсе, алар мигрант авиабилет сатып ала электе эле текшерүү жүргүзө алышмак.
"Кыргызстанда алдын ала текшерүү боюнча ыйгарым укуктарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү керек. Мисалы, авиабилетке акчасын корото элек адамды бул жерден текшерип алган оң да. Мигрант тийиштүү тиркемелер аркылуу документтерин жөнөтүп, РФке кирүүгө болор-болбосу тууралуу жообу келгидей кылсак жакшы болмок. Жаран ошого жараша чечим чыгарып, бара турган өлкөсүн так аныктамак", — деди Рахимов.