Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мединский: Россия Стамбулда берген убадаларын аткарды

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россия Стамбулда берген убадаларын аткарды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы, Украина менен сүйлөшүүлөрдөгү орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курман болгон офицерлери менен жоокерлеринин (6060) сөөгү украин тарапка өткөрүлүп берилгенин билдирди. Ал эми РФ курман болгон россиялык 78 аскер кызматкеринин сөөгүн алган.
"Россия Стамбулда берген убадаларын аткарды", — деди Мединский.
Президенттин жардамчысы туткундарды алмашуу уланып жатканын жана фронттон оор жарадар болгондорду тез арада которуу жолго коюлганын билдирди. Ал ошондой эле Россия менен Украинын ортосунда туткундарды алмашуу уланарын кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Аша чаап кетти". Орбан Зеленскийдин текеберлигине нааразы болду