БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандын 28 жараны Азербайжан аркылуу Ирандан эвакуацияланды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Эвакуациялангандар "Астара" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу коопсуз аймакка өткөрүлгөнү айтылды.
Министрлик көмөк көрсөткөнү үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирди.
Кыргыз жарандары жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келери кошумчаланды.