БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Түркмөнстан Ирандагы 120 жаранга жардам берди, анын ичинде кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу өлкөнүн ТИМинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын аймагына чет элдик дипломаттарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана башка жарандарды Ирандан чыгып кетүүсүн камсыздоо боюнча чаралар көрүлгөн.
Тизмеде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Румыния жана башка өлкөлөрдүн жарандары да бар. Алар транспорт, тамак-аш менен камсыз болуп, мейманканаларга жайгаштырылганы кошумчаланды.
Эске салсак, 13-июндан бери Израиль менен Иран кырды бычак болуп, бири-бирине сокку урууда. Согушту баштаган Израиль Ирандын өзөктүк программасын жок кылууну максат кылып жатканын билдирүүдө. Ал эми Иран жасалган соккуларга жооп кылып, Тель-Авивге чабуул жасады. Эки жактан тең адам өмүрлөрү кыйылууда.