Радио

Баетов: экономист-илимпоздор улуттук экономиканы көтөрүүгө жардам бериши керек

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин илимий-изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Батыркул Баетов аталган институт улуттук экономиканын өсүшүнө салым кошуу боюнча иштеп жатканын билдирди.
Sputnik
Экономика бул колдонмо илим болуп, улуттук экономиканын өсүшүнө пайдасын тийгизиши керек. Тилекке каршы, бизде буга чейин илим академиялык жаатка ыктап, мамлекеттин экономикасы өзүнчө иш жүргүзүп калган. Мындай пикирин Батыркул Баетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "экономикалык өнүгүү" деген терминден алыстап, "экономикалык өсүш" деген термин колдонулушу керек.

"Биздин илимий институт буга чейин Илимдер академиясынын курамында иштеп келген. Экономикалык илимий-изилдөө университетинин курамына киргенден бери биз улуттук экономиканын өсүшүнө жардам берүү максатында иштеп жатабыз. Экономика бул жалаң гана академиялык багыттагы илим эмес, ал өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган илим экенин унутпашыбыз керек. Башкача айтканда, экономист-окумуштуулардын ар биринин эмгеги канткенде улуттук экономиканын өсүшүнө салым кошом деген багытта жазылышы керек. Учурда облустарга, шаарларга, айыл өкмөттөргө өнүгүү программаларын жазып берип, изилдөө иштерин жүргүзүп, бир канча жылдык программаларын түзүп берип жатабыз. Мисалы, Байтик айыл өкмөтүнүн 1930-жылга чейинки өнүгүү программасын бүтүрүп бердик. Талас облусунун, Чүй, Нарын облустарындагы райондордун жана Балыкчы шаарынын программасын дагы жазып жатабыз", — деди Баетов.

Окумуштуу илимди өлкө өнүгүүсүнө колдонуу үчүн бул багытта бир топ реформалар башталганына токтолду.
"Кыргызстанда 70 пайыздан өйдө илимий иштер ошол окумуштуулардын өздөрүнүн демилгеси менен жасалып келет. Алар илимий даража алуу максатында өздөрү демилгелеп, анан жакташат. Албетте, мындай учурда улуттук экономикага чынында пайдасы тие турган багыттар аз иликтенет. Көбүнесе кагаз жүзүндө калып кетчү иштер болуп калат. Муну да жөнгө салып, өлкө экономикасын өстүрүү үчүн кайсы багыттар маанилүү болсо, ошого басым жасалышы керек. Кээ бир окумуштуулар 50 илим кандидатын чыгардым, 30 илим докторун чыгардым деп сан кубалашат. Мындан натыйжа жок. Ошол кандидат же докторлор ачкан ачылыштар, жазган эмгектер мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө пайдасын тийгизип жатабы, мына ушуга көңүл бурушубуз керек", — деди Баетов.
Ал ошондой эле аталган институт тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунан азыркы Кыргыз Республикасына чейинки өлкөнүн экономикалык басып өткөн жолун иликтеген китеп жазылганын кошумчалады.