Өлкө экономикасын өстүрүүдө илимдин иши кандай жүрүүдө?

Sputnik
Адатта Кыргызстанды экономисти көп өлкө катары айтып келебиз. Бул кесипти аркалоо чынында эгемендүүлүк алган жылдары популярдуулукка жеткен. Бзи бүгүнкү чыгарылышыбызда экономист деген ким, ал кандай иштерди аткарат? Экономика илими эмнеден турат жана башкысы өлкө экономикасын өргө сүрөөдө аталган илимди аркалаган окумуштуулардын орду каерде, деген суроолорго жооп издедик.
Бизди кызыктырган соболдорго жооп берүү үчүн “Экономикалык панорама” уктурууусуна конокко Экономикалык изилдөө институтутунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор, КРдин эмгек сиңирген экономисти Батыркул Баетов келди.